Jump to content



Guest Бату

Казахское ханство

Какую дату считать началом Казахского ханства?  

46 members have voted

  1. 1. Какую дату считать началом Казахского ханства?

    • 1459-60 – Откочевка казаков от Абу-л-Хайра, начало независимого правления урусидов
      6
    • 1465-66 – Начало ханства по Мирзе Хайдару
      12
    • 1470-71 – Начало ханства по Т.И. Султанову (после смерти Абу-л-Хайра)
      9
    • другое
      17


Recommended Posts

У нас Дайыр и Таир (Тахир) вроде разные имена, хотя может быть просто формы одного и того же имени.  Я и не знал, что киргизская санжыра помнит Тахир-хана. Жаль, что казахские шежире мало вводят в научный оборот.

Link to post
Share on other sites
16 минут назад, Le_Raffine сказал:

У нас Дайыр и Таир (Тахир) вроде разные имена, хотя может быть просто формы одного и того же имени.  Я и не знал, что киргизская санжыра помнит Тахир-хана. Жаль, что казахские шежире мало вводят в научный оборот

Необязательно, что это он. Это моё предложение

Link to post
Share on other sites
  • Модераторы

Махаева А.Ш.

 

Казак хандыгы жана кыргыздар: өз ара байланыштар тарыхынан

 

Тили менен дили бир, ошондой эле этникалык курамы жана бир-бирине жакын каада-салты, согуш өнөрү жагынан эч айырмасы жок кыргыздардын – 550 жыл түптөлгөн Казак хандыгынын тарыхындагы орду артыкча. Аны кылымдар бою кошуна жашап келе жаткан казак-кыргыздын ич-ара байланыштары аркылуу көрүүгө болот. Казакстан менен Кыргызстандын окумуштууларынын эмгектеринде атайы болбосо дагы өз кезегинде Казак хандыгынын доорундагы казак-кыргыз карым-катнашы көңүлдөн сыртта кала элек. Мисалы, орто кылымдардын тарыхчысы М.Хайдар Дулатинин эмгегиндеги ушул маселе боюнча тарыхчы С.Жолдасбайулы [1], Моголстан мамлекетиндеги казактар менен кыргыздардын саясий абалын кыргыз изилдөөчүсү Г.О.Эсеналиева [2], этникалык байланыштары М.Калкандын [3], дипломатиялык карым-катнашы боюнча тарыхчы М.К.Абусейитова [4] ж.б. эмгектерде каралышы – маселенин маанилүүлүгүн жана Казак хандыгынын күч алып, бекемделүү кезегинде кыргыз менен казактардын өз ара байланышы жаңы баскычка көтөрүлгөнүн көрсөтөт.

Казак хандыгынын алгачкы түндүк көтөрүшү Моголстан мамлекетине караштуу Жети-Суу аймагында болгондуктан кыргыздар менен алгачкы аскердик союздар да ушул жерде түзүлгөн.

Чагатай улусунун Мавреннахр менен Моголстанга бөлүнүп кетиши тек саясий гана эмес, этникалык жагынан дагы өтө маанилүү экенин көрүүгө болот. Моңгол тилдүү ж. б. тайпалардын түрктөшүү жана мусулман динине өтүү процесси үзгүлтүксүз уланып жаткан кезде Керей менен Жаныбек башында турган казак-өзбектердин Абылкайыр хандыгынан бөлүнүп, Жети-Сууга келиши да өзгөчө  маанилүү тарыхый окуя болду. Мындай  этникалык тенденцияга түрк тилдүү жашоочулардын басымдуулук кылышы да өз таасирин тийгизди.

XVI кылымдын башына карай көчмөн өзбектердин Мавереннахрга ээ болушу, Казак хандыгы менен Кыргыз улусунун курулушу Моголстандагы этносаясий абалдын өзгөрүшүнө алып келди. Кыргыздар моголдорду Чыгыш Түркстанга карай сүрүп чыкты. Мурун түрк-мусулман тайпалары менен чогуу күн көрүп келе жаткан кыргыздар этникалык өз алдынчалыкка же өз башына ээ тайпалардын бирине айланды.

Анын натыйжасында Моголстан мамлекети өзүнүн батыш бөлүгүнөн айрылып, болгону Чыгыш Түркстанга ээлик кылып, тарыхый даректерде Могол мамлекети деп атала баштайт. Этносаясий абалдын мына ушундай өзгөрүшүнө байланыштуу моголдор кыргыздар менен эсептешүүгө мажбур болуп, алар менен аскердик союз түзүп, өз жагына тартуу аракетине киришти [5, с. 233].

XVI кылымдын башында кыргыз урууларынын башын кошуп, өз алдынча улус куруп, аны бек иретинде башкарган Мухаммед Кыргыз болду. Могол ханы Саид хандын тушунда «кыргыздарга тиешелүү иштер Мухаммед Кыргызга тапшырылып» [6, 496-б.], «ага бардык кыргыз багынат» [6, 391-б.]. Анын тушунда кыргыздардын күч алганы ушунча, Түркстан, Ташкент, Сайрамдагы өзбектер аларга каршылык көрсөтүүгө дармансыз болушкан. Анткен менен кыргыздар могол хандары менен бирде ынтымакта турса, бирде каршылашып турган. Айрым тарыхый даректерге караганда «хандарга көп каршылык көрсөткөндүктөн кыргыздар моголдордон бөлүнүп кеткен» [6, 170-б.]. Моголстандын башкаруучулары үчүн тянь-шандык кыргыздар мамлекеттеги «бардык бүлүктү баштоочулар», баш ийбеген тоолуктар болгон. XV кылымдын ортосуна карай батыш Тянь-Шандагы тоо кыркаларына баш пааналаган кыргыздар менен тоолуу жерде согушууга Моголстан хандары батына албай калган [7, с. 176]. Өздөрүнүн көз карандысыздыгы үчүн бир нече эсе күчтүү деп эсептелген каардуу каршылаштарына каршы күрөштө кыргыздар далай кылым колдун күчү жана ак найзанын учу менен туруштук берип турду. Могол хандары тарабынан кооп туулган учурда кыргыздар казак хандарынан колдоо алган.

Кыргыздын фольклордук маалыматтарына караганда, казак-кыргыз байланыштары Казак хандыгынын алгачкы бийлөөчүлөрүнүн тушунда башталган деп кароого болот. «Жаныбек хан» деп аталган оозеки аңгемедеги «Токмокто Жаныбек деген хан болгон экен. ...Жаныбек хандын кезинде Асан Кайгы деген олуя болгон экен» деген сөздөр [8, 424-б.] ушундай ойго жетелейт. Алгачкы казак хандары калмактар менен кыргыздарга чабуул кылып турган деген Махмуд ибн Валинин маалыматын  [9, с. 353] жокко чыгарган изидөөчү С.Жолдасбаев: «Кыргыздардын Эсен-Буканын хандыгынан бөлүнүп, жеке хандык курууга талпынып, Жаныбектин бир баласын өздөрүнө хан көтөрүп алууга аракети чындык болушу мүмкүн. «Казактын «жел болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт» дегениндей, эл оозундагы бул аңыздын бекер айтылбагандыгын көрсөтөт. ...Кыргыздар  моголдордон менен болуудан баш тартып, казак хандарынын кол алдында болууга арекет жасаганын» белгилейт [1, 47-48-бб.].    

Кыргыз тарыхчысы Б.Солтоноев дагы Касым хан кыргыздарды өзүнө каратпаса да калканыч болгонун айтат [10, 164-165-бб.]. Ал эми казак ханы Тахирди тушундагы казак-кыргыз байланыштары жөнүндө аз болсо да, бир аз маалыматтарды жолуктурууга болот.

Казак-кыргыз байланыштары могол бийлөөчүлөрү менен ойрот-калмак чапкынчылыктарына каршы күрөштө мурункудан дагы бекиген.

Кыргыздардын мусулман динине кирген моголдордон оолакташы айрым изилдөөлөрдө алардын ислам динин кабыл албашы менен түшүндүрүлөт [6, 170-б.]. Анткен менен негизги себеп кыргыздардың көз карандысыздыкка умтулган күрөшүндө жатат. Ал эми казактардын бир кездеги аталарына Козы-Башы жайлоосунан жер берип, канатына алган могол хандарынын урпактары менен араздыгынын башталышы могол ханы – Жунус хандын улуу уулу Султан Махмуддун (1487-1509) казак хандарынын саясий каршылаштары шейбаниддерге Түркстандагы бийлик тизгинин алууга мүмкүнчүлүк беришинен башталат. М.Х.Дулати: «бир жагынан Казак хандары – Керей менен Жаныбек хандын балдары, экинчи жагынан Султан Махмуд хандын ортолорундагы эзелтеден келе жаткан достук ушунун салдарынан душмандашууга айланды. Себеби, алар «Шахибек хандын (Мухаммед Шейбани – авт.) биздин жообуз экенин билип туруп, аны неге Түркстанга эмир кылып дайындайсың?», – деп нааразылык билдирди. Ошентип, ушул тирешүүнүн салдарынан Султан Махмуд хан менен өзбек-казак арасында эки ирет салгылашуу болду. Экөөндө тең Султан Махмуд хан жеңилүүгө учурады» [6, 142-б.], – деп көрсөтөт. Могол ханы өзүнүн арам ойлуу кеңешчилеринин тилине кирип, Мухаммед Шейбаниге Самарканд менен Бухараны да алууга жардам берет. Мунун жаңылыштык экенин айткан дуулат эмирлеринин сөзүнө кулак салбай, акыры 1509-жылы Мухаммед Шейбани хандын буйругуна ылайык жашы жете элек 5 баласы менен бирге Ходжент өзөнүнүн иримине ташталып, өлтүрүлөт.

Шейбаниддер сыяктуу могол хандары да керектүү кезде  кыргыздар көрсөткөн жардамды тез эле унутуп салышкан. Мисалы, 1514-жылы моголдордун Кашкар, Жаркент, Хотанды алышына Мухаммед Кыргыз баштаган кыргыздар өтө чоң жардам тийгизген. Ага карабай могол  ханы – Жунус хандын небереси, Султан Ахмед хандын (Жунус хандын кичүү уулу) 18 уулунун үчүнчүсү – Султан Саид (1487-1533) ал жардамдын маанисин тез эле унутуп, 1517-жылы Мухаммед Кыргызды туткунга алып, 5 жыл бою камакка отургузган. Себеби, Мухаммед Кыргыз шейбанид  Абдулла ханды туткунга алып туруп, сый-сыяпат жасап, кайта бошотуп жиберген. Султан Саид хан Мухаммед Кыргызды шейбаниддер менен купуя келишим түздү деп күдүктөнүп, 1517-жылы кыргыздарга каршы жортуул жасап,  Барскоон деген жерде өткөн салгылашууда жеңишке жетет.

Султан Саид хан Мухаммед Кыргызды өз жагына тартмак болуп, 1522-жылы аны камактан бошотуп, кайрадан кыргыздардын башчысы деп тааныйт. Кашкардын мал жайыты Саид ханга тардык кылып, аны кеңейтүү үчүн Моголстанды басып алып, андагы  кыргыздарды багындырууга 1521-1522-ж. болгон күч-аракетин жумшайт [6, 399, 404-405-бб.].

Саид хан 13 жашар уулун Рашидти (Абд-ар Рашид) аскер башчысы кылып дайындап, ага туткундан бошотулган Мухаммед Кыргызды кошуп, Моголстанга аттандырат [10, 81-б.]. Кыргыздар жаш Рашид ханды эркелетип  Эреше хан деп атаган [10, 81-б.]. «Рашид султан Моголстанга карай кеткен кезде, Мухаммед Кыргыз алга озуп кетип, кыргыздын көп бөлүгүн алып, анын алдынан тосуп чыкты. Кыргыздардын бир бөлүгү Моголстандын башка аймактарына качып кетти» [6, 407-б.], – деп жазат ошол замандын күбөсүнүн бири М.Х.Дулати.

Качкан кыргыздар казак ханы Тахирди паана тутту. Кочкорго жакынырак келип конуш алган казак ханы Тахир өзүнө келип кошулган  кыргыздарга кошуна турууга конуш берет. Ушул кезде казактар менен аскердик союз куруу жөнүндө жашыруун байланыш жүргүзүүгө Мухаммед Кыргыз да катышкан. Бирок анын бул арекети Султан Саид ханга маалим болуп калып, Мухаммед Кыргызды кайрадан колго түшүрүп, Кашкарга алып кетет. Казактар менен кыргыздардын биргелешкен ааркетинен шек санаган Рашид султан да кайта Кашкарга бет алат.

Башчысыз калган кыргыздар казак ханы Тахирди өз ханы катары таанышкан. Тахир хан, болжол менен 1523–1533-жылдары  бийлик курган. Ал Адик султандын уулу, аз-Жаныбек хандын небереси болгон. Тахирдин ата-энеси узак жылдар бою Ташкентте тургандыктан, сабаты мусулманча ачылган, анын үстүнө көзү ачык, көкүрөгү менен көргөн султан болушу да да ыктымал [11, с.174]. Себеби, Фазаллах Рузбихандын көрсөтмөсүнө караганда XVI кылымдагы казак хандары менен султандары өз балдарын медреселерде окутууну туура көрүшкөн [12, с. 63].

Тахир хандын эл ичиндеги бүлгүнчүлүккө каршы турууда өзүн кээде өтө катаал кармагандыктан, ал сырт адамдарга мээримсиз жандай сезилген. Кыргыздарды тартипке көндүрүү үчүн жиберилген (Султан Саид хандын буйругу менен) тарыхчы жана Рашид хандын тарбиячысы Мухаммед Хайдар Дулати өз эмгегинде Тахир ханды өтө катаал адам катары сүрөттөйт. Чыккынчылык кылган бир тууганы Абылкасым султанды да аябастан өлүм жазасына тартышы ага ишенбей калган султандардын чар тарапка тарап, калкынын да кутун качырган. Анын эсесине Тахир хан Атбашыдагы кыргыздарды жыйнап, ага Моголстандагы моголдордун бир үйүр жылкысын кошуп, өзүнө каратып алган.

Канча катаал болсо да Тахир ханды кыргыздар колдоп, керек кезде көмөктөшүп турган. Мухаммед Кыргыздын могол ханынын туткунуна түшкөнүнө карабастан, башында Тахир хан турган казак-кыргыздын согуштук аскер союзу курулган.

Кыргыз изилдөөчүлөрүнүн ичинде Мухаммед Кыргызды Тагай бий деп кабылдаган жана андай пикир менен келишпей тургандар да жолугат [13]. Ал эми казак ханы Тахир кыргыз санжыраларында Дайыр аттуу адамга салыштырылат [4, с. 184]. Кандай болгондо дагы Тахир хан XVI кылымдын 20-жылдарында казактар менен кыргыздардын башын кошуп, Султан Саид хан менен анын баласы Рашид султанга каршы күрөштө саясий жана экономикалык көз карандысыздыкты сактап кала алган [4, с. 184].

1526-жылдагы Султан Саид хандын Жети-Суудагы казактарга  жасаган жортуулу ийгиликсиз аяктап, казак-кыргыздар кайрадан Тахир хандын жанына топтолушат.  Тахир хан 1523-1524-жылдары курулган казак-кыргыз согуштук аскер союзун андан ары бекемдеп, Жети-Сууну колунан чыгарбай, Иле алкабындагы Күнөс, Кас өзөндөрүнүн боюна чейин көчүп-конуп жүрдү [14, 250-б.]. Жети-Суудан айрылуу Тахир хан үчүн абдан кооптуу эле, себеби, каршылаштарынын күч алышынан башка баса турган жери калбай калган эле.

1533-жылы Султан Саид хан өзүнө кызмат кылып жүргөн тарыхчы Мухаммед Хайдар Дулатини Моголстандын калкын тынчытууга жиберет. Тарыхчынын өзү: «Кыргыздарды басууга канча тырышсам да, алар бой бербей, кайтадан Моголстандын алыс аймактарына кетип, Тахир султанга кошулду, калган аз бөлүгү өз ордунда калды» [6, 414-б.], – деп көрсөтөт.

Тахир хан  ички-сырткы  талаш-тартыштардан абдан алсырап, 1 млн. калкы 200 миңге чейин кемип калган эле. Ошондуктан да кыргыздардан колдоо алууга өтө зар болгон. Кыргыздардын көмөгү менен Тахир хан «Жатан» чебин салат. Чептин кай жерге салынганын ар окумуштуу ар кандай болжолдойт. Айрым окумуштуулар аны азыркы кыргыз жериндеги Кочкор өрөөнүнө салынган десе [1, 52-б.], экинчилери Ысык-Көл аймагында тургузулганын [15, 250-251-бб.] көрсөтөт, ал эми россиялык белгилүү тарыхчы Т.И.Султанов ал чеп орногон жер орногон жер  белгисиз экенин белгилейт [16, с. 179]. Анын себебин тарыхый даректерде дал көрсөтүлбөгөндүгүнө негиздейт. Чынында Жатан чеби туралуу бизге чейин жеткен бир гана маалымат бар. Аны орто кылымдагы «Ажайып окуялар» (Бадаи ал-вакаи) аттуу эмгектин автору Зайнидин Уасифи эскерет [16, с. 181]. Чепти Тахир хан бир тоонун этегине салган деп жазып жатып, Уасифи анын сырткы көрүнүшүндөгү бийиктиги учкан куштун канатын, караган жандын көз карегин талдырып заңгырап турганын, ал чеп турган тоонун салмагы жерди мүйүзү менен тиреп турган өгүздүн белин кайыштыргандай,  тоонун шаңы жылдыздарга жетип жыгыла тургандай сыймык менен сүрөттөйт. Орто кылымдагы бул тарыхчынын Жатан чебин өз заманында айтарлыктай бийик жана бекем архитектуралык курулуш болгонун белгилесе керек. Жалпы, орто кылымдарда мындай чептер Моголстан мамлекетинин аймагында да болгонун орто кылымдын дагы бир тарыхчысы Мухамед Хайдар Дулати да ырастап өтөт. Ал дулат уруусунун эмири Керимбердинин Моголстандын чек арасында, Анжиян менен Фергана багытында Алабуга деген жерде, бир дөбөнүн үстүндө коргон салдырганын, дуулаттын башка бир эмири Хакбердинин Ысык-Көлдүн Койсу деген жеринде коргон тургузуп, калмактардан коргонгонун  [6,109-б.] баян кылат.

Чептер орто кылымдарда да, кийин да коргонуу иретинде кызмат кылган. Шейбанид Убайдулла хан менен могол ханы Рашиддин биргелешкен күчүнө каршы согушта Тахир хан Жатан  чебине  келип коргонуп, чептин бекмдиги жана кыргыздардын жардамы аркасында жоодон аман калат.

Ошондой болсо дагы башына кыйынчылык түшкөн кезде өз журту Тахир ханды жалгыз таштап кеткен. Көптөгөн изилдөөчүлөр анын себебин хандын саясий жактан талантсыздыгы, катаал мүнөзүнөн көрүшөт. Анткен менен соңку учурда казак коомундагы йасави тарикатынын кызматы жана анын орду тууралуу илимий изилдөө жүргүзүп жүргөн З.Жандарбек сыяктуу илимпоздун ушул маселе боюнча жаңыча көз караш калыптандырууга умтулган пикири көңүлгө аларлык экенин айтпай кетүүгө болбойт. « ...Бул жерде  йасави менен накшбандийа тарикаттары арасындагы тартыш Казак хандыгынын тагдырына тескери таасир тийгизген негизги фактор болду десек жаңылыштык кетирбейбиз, – деп жазат окумуштуу. ...Касым хан ошол кездеги накшбандийа шейхи Абу Бакр Саадтын мюриди болгону жазылган. Мына, ушул кезден баштап, накшбандийа агымы казак тааласына тарала баштайт. ...Тахир, Буйдаш хандардын казак калкына бийлик жүргүзө албай, кыргыздарга барып, хан болгон себеби ушуга байланыштуу. Ушундан улам Мухаммед Хайдар дагы «Азыр бир да казак калган жок» деп жазат» [18, 228-129-бб.].

Өмүрүнүн аягында айланасындагы султандардын жана калкынын колдоосунан айрылып, жалгыз калган  Тахир хан кыргыздар арасына кетип, ошол жерде көз жумган [6, 418-б.].

Ошондой болсо дагы казак-кыргыз мамилеси Тахир хандан кийинки мезгилде да улана берген.

Казактар менен кыргыздардын бириккен арекеттеринин натыйжасында Чыгыш Түркстанга ооп кеткен могол хандары мурунку чабуулдарын токтоткон жок. 1537-38-жылдары Рашид хан болган бир согушта Тахир хандын тууганы Тогым баштаган 37 султан өлтүрүлгөн. Ошентип, казактардын алсырашынан пайдаланып, Рашид хан баласы Абдилатифти Жети-Сууну бийлетип койгон. Ага карабай казактар кайра күч топтоп, Жети-Сууга өктөм жүргүзө баштаган.

Касым хандын баласы Хакназар (1538-1580) казак менен кыргызга хан болуп турганда Тахир жана Буйдаш хандардын тушунда алсырап, бытырандуулукка учураган элди кайта бириктирүүгө, хандыкты бекемдөөгө умтулат. Ошентип, Хакназар хандын тушунда казак-кыргыз аскер союзу ого бетер бекмделип, бир согушта казактар Абдилатифти өлтүрөт. Кытайдан батышка бара турган соода жолдорун көзөмөлгө алган казактар Ташкентке, ал эми кыргыздар Кашкарга кооп туудура баштайт. Хакназар казак менен кыргыздарды бийлөөчү иретинде таанылат [18, 62-б.].

Хакназардан соң бийликке келген Шыгай (1580-1582) жана Тобокел хандардын (1582-1598) тушундагы саясий окуяларга кыргыздар аралашпай кое алган жок. Кооптуу жагдайлардын көбүндө казак султандары кыргыздардын ичине кирип кетип, баш паана тапкан. ХVI кылымдын соңу, XVII кылымдын башындагы Сыр дарыясынын боюндагы шаарларды алуу үчүн Мавреннахрда жүргүзгөн Тобокел хандын күрөшүндө да  кыргыздар казак султандарын колдоого алган.

XVII кылымдын биринчи чейрегинде Келдимухаммедтин, кийин анын уулу Ханзаданын тушунда да аштарханиддер менен дыйканчылык райондор үчүн кыргыздар казактар жагында күрөшкөн.

Казак-кыргыз санжыра маалыматтарына караганда, казактын Эңечер бойлуу Эр Эшим ханынын (1598-1628) тушунда казак-кыргыз келишими түзүлүп, кыргыздын Көкүм бийи Ташкенттин алты дарбазасын башкарып турган. Оң канат кыргыздын башчысы, өз заманындагы белгилүү саясий ишмер Көкүм бий Эшим ханды хан көтөрүүдө белсене катышып, сырткы жоого каршы согуштарда баатыр кол башчы иретинде таанылган. Эл оозунда анын узак убакыт эл башкарганы тууралуу айтылып жүрөт.

Кыргыздын чоңбагыш уруусунан чыккан Көкүм бий Жанкороздун уулу, кыргыздын атактуу бийи Тагайдын небереси болгон  [10, 107-б.]. «Кыргыз менен катагандын согушу» деген аңгемесинде кыргыз тарыхчысы Б.Солтоноев мындай деген окуяны эскерет: «Карыялардың берген кабарында: «Эңечер бойлуу Эр Эшим катагандын ханы Турсунду өлтүргөн» дейт. ...Кыргыз казактын ханы калмак менен Иле өзөнүндө кыргыз казакты баштап, (Ал заманда казакка кыргыз карап турган. Эшим хан хандын тукуму казактын хандары боло келген, борбору азыркы Түркстан шаары болгон) согушуп жүргөндө Ташкенде хан болуп турган катагандын хан Турсун келип, Талас менен Чүйдөн кыргызды чаап малын талап, кыз-катынын олжого алып кеткенде, Иледе калмак менен согушуп жүргөн Эшимге кабар бергенде, Эшим хан калмактын бетине аскер коюп, (кабарда ал аскердин баштыгы Манап болгон) өзү кайта тартып жарым аскери менен токтоосуз күндөп-түндөп олтуруп... Шарпкула деген күлүк аты менен Ташкентке жакындайт» [10, 107-б.].

Далай атты жиниктирип сала турган узак жолдордо Эшим хандын тек гана бир күлүгү – Шарпкуласы күлүктүгү менен эл оозуна илинип, казак-кыргыздын мактанычына айланган. Эшим ханга мыңдай кула быштыны кыргыздын саяк уруусунан чыккан бай адамдардын бири Түгөл деген сыйга берген. Санжыраларда бул тулпарды Эшим хандын кандай таңдап алганы да айтылат. Жылкыдан таңдап, калаган күлүктүү алыңыз дегенде, Эшим хан Түгөл байдын малчысы минип жүргөн жүдөгөн кула бышты атты калааганын айтат. Аны таңдоого Санчы деген сынчысы кеңеш берген [19, 22-б.].

Эшим хандын Шарпкула атынын атагы кийин казак-калмакка бирдей тарайт. «Эшим хандын Сарып кула аты биринчи байгени эч кимге бербегенин көп эшиттик, – деп жазат хандар шежиресинин билгири К.Халид. Далай казак меен калмак анын касиетин айтып кызыга турган. Сарып аягынан аксап, же жай убакытта аксап, байгеге кошсо сакайып кетет экен» [20, 184-185-бб.].

Эшим хан мен Турсундун ортолорундагы анттын маанисин кыргыз санжырасын жазган Тоголок Молдо: «...Эшим хан өз элинен миң киши кол алып, элин хан Турсунга тапшырып, эки миң кол менен аттанып кетет» [21, 54-б.], – деп көрсөтөт. Бирок Турсун хан антында турбай, Эшим хан жортуулга кеткенде, кыргыз-казакты чаап, элдин тынчын алган.

Көкүм бий баштаган кыргыздардын көмөгү менен Эшим хан акыры катагандардын бүлүгүн басат. Жалпы катагандар  «Катаган кыргыны» болгон XVII кылымдын 20-жылдары казак ханына да, могол ханына да караган.

Катагандардын кыргыз ичиндеги баштуу уруулардын бири болгону «Манас» эпосундагы маалыматтар аркылуу көрүүгө болот. Анда:

...Баштуу уруу Катаган,

Кыргыздан чыгып ушул эл,

Баары да бир атадан  [22, 104-б.], – деген саптар бар.

Ал эми казак шежирелеринде катагандар курама тайпа иретинде берилет.

Кандай дегенде да, кыргыздардын эл оозунда «Катагандан хан Турсун, хан Турсунду ант урсун» деген макал калган [10, 108-б.]. Эшим хандын шериктернин бири болгон Көкүм бийден Куттуксейит жана Иман деген эки уул калат. Эшим хан Турсун ханды өлтүргөндөн кийин, Ташкенттин бийи кылып, Көкүмдү дайындайт. Бирок Көкүм бий  калаанын бийлигин талашкан казактардын колунан каза табат. Буга ачууланган кыргыздар казактарды Ташкенттен сүрүп чыгарат да Бухар ханынын уруксаты менен Түлкүнүн уулу Тейишти (Көкүм бийдин тууганы Корчунун небереси) улук кылып коет [10, 108-б.].

Көкүм бийдин эр жүрөктүүлүгү менен адал кызматын ардактай билген Эшим хан Ташкентте казак менен кыргыз достугунун белгиси катары Көкүм бийдин көк күмбөзүн салдырат. Кыргыздар да Эшим ханды колдон келишинче урматтаган. Аны кыргыз санжырасындагы «Биздин Эңечер бойлуу Эр Эшим, эсен барып, соо келсе» деген саптар көрсөтөт. Эшим хан Турсун хандын мал-мүлкү жана кыздарын олжолоп алганын  кыргыздар да унутпайт. Турсун хандын бой жеткен бир кызын Шарпкула атын сыйга тарткан Түгөл байдын уулу Маңгытка берген. Андан Маңгыттын Сүйөркул, Эсиркемиш деген уулдар туулуп, кийин кыргыздын бир уруу элине айланат. Турсун хандын көп кыздарынан  арбыган  урпак казактын да, кыргыздын да арасына тараган.

Эшим хан кыргыздар менен куда-жек жааттык салтын дагы уланткан. Өзүнүн кыргыздан асырап алган бир кызы болгон. Ал эми карындашын Көкүм бийдин тууганы Корчунун небереси Кантейишке узаткан [10, 109-б.].

Казак хандыгынын аскер тарыхында артыкча орун алган 1643-жылдагы Орбулак салгылашуусунда кыргыздын баатырлары да өз алдынча роль ойногон. Ошондо Самарканддан алчын Жалаңтөш баатырдын 20 миң колу жеткенин уккан кыргыздар да карап жатпай, кечикпей келип, Салкам Жааңгер кураган колдун алдыңкы катарына кошулган. Казак баатырлары менен катар туруп салгылашкан кыргыздын Көтен жана Табай баатырлары баштаган кол болгон [23, с. 49]. Сан жагынан бир нече эсе күч менен келген жуңгар баскынчыларына каршы салгылашта казак-кыргыз колу жеңишке жетет. Казак менен кыргыздар үчүн бул жеңиштин тарыхый мааниси зор болду. Эки элдин да деми көтөрүлүп, биримдиктин түбү тирүүлүк экенине ишеништи. Ошону менен бирге казактын Салкам Жааңгер ханынын тек кол башчы гана эмес, дипломатиялык көсөмдүүлүгү да ушул салгылашта өз жемишин берди. Орбулак салгылашуусу казак менен кыргыз жасактарынын өз эркиндигин коргоо жолундагы көрүнүктүү эрдиктерден болду.

Казак хандыгы Тооке хандын тушунда андан ары күч алган. Аны менен бирге казак-кыргыз катнаштары да жогорку деңгээлде жүргөн.

         Кыргыз тарыхчысы Б.Солтоноев Касым хан кезинен баштап, Тооке ханды тушуна чейин, кыргыз калмактан качып Алай, Андижанга кирген учурда, 1510-1685-жылдар аралыгында кыргыздар 170 жылдай казак хандарына карап турганын жазат [23, 185-б.].

Бул аз убакыт эмес. Казак хандарынын кошуна кыргыздарга катыштуу мамилеси негизинен достук, бир туугандык, союдаш мааниде өнүккөн. Казак хандарынын бийлигин мойнуна алган кыргыздар Жети-Суу жана Кыргызстан аймактары үчүн, өз көз карандысыздыгы үчүн казак колдору менен катар туруп, биргелешкен күрөш жүргүзгөн. Бул Казак хандыгынын чыңалып, күч алышына коңшулаш кыргыздар да өз алдынча үлүш кошконун көрсөтөт.

 

ПАЙДАЛАНГАН АДАБИЯТТАР

1 Жолдасбаев С. М. Х. Дулати  жана XV-XVI кылымдардагы Казак хандыгы. – Алматы: Казак университети, 2000. – 112 б.

2 Эсеналиева Г.О. Кыргызы и казахи Могулистана в исследованиях О. Караева  // Отан тарыхы. – 2008. – № 4. – С. 139-145.

3 Калкан М. ХИV кылымдын экинчи жарымынан  XVI кылымдын аягына чейин кыргыз, казак урууларынын этникалык байланыштары. Тарых илимдеринин канд. ... авторефераты. – Бишкек, 2003. – 23 б.

4 Абусеитова М.Х. Казахстан и Центральная Азия в XV – XVII вв. – Алматы: Дайк-Пресс, 1998. – 264 с.

5 Джуманалиев Т. История Кыргызстана с древности и до середины XVIII в. – Бишкек: МОН КР, 2009. – 304 с.  

6 Дулати М. Х. Тарих-и Рашиди. – Алматы: «Туран», 2003. – 616 б.

7 Худяков Ю. С. Сабля Багыра Вооружение и военное искусство средневековых кыргызов. – СПб.: «Петербургское востоковедение», 2003. – 192 с.

8 Тарыхый ырлар, кошоктар жана окуялар / А. Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. – Бишкек: Илим, 2002. – 544 б.

9 Махмуд бен Вали. Бахр ал-асрар фи манакиб ал-ахйар // Материалы по истории Казахских ханств XV  XVIII веков (извлечения из персидских и тюркских сочинений). – Алма-Ата: Наука, 1969. – 649 с.

10 Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. – 1-китеп. – Бишкек, «Учкун» 1993. – 208 б.

11 Султанов Т. И. Поднятые на белой кошме. Ханы казахских степей. – Астана: «Астана Даму», 2006. – 256 с.

12 Фазаллах ибн Рузбихан Исфахани. Михман наме-и Бухара. – М.: Наука, 1976. – 442с.

13 Турганбаев Э. Тагай бий жана Мухаммед Кыргыз  //bizdin.kg/elib/makala/tagai.

14 Кани М. Казактың көне тарыхы. – Алматы: «Жалын», 1993. – 400 б.

15 Султанов Т. И. Поднятые на белой кошме. Потомки Чингиз-хана. – Алматы: «Дайк-Пресс», 2001. – 276 с.

16 Зайн-ад- дин Васифи. Бадаи ал вакаи // Материалы по истории Казахских ханств XV  XVIII веков (извлечения из персидских и тюркских сочинений). – Алма-Ата: Наука, 1969. – 649 с.

17 Жандарбек З. Иассауи жолы жана казак когамы. Илими зерттеу. – Алматы: «Ел-шежире», 2006. – 256 б.

18 Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы. – Бишкек: Мектеп, 2000. – 160 б.

19 Елешова З. Эшим хан мен Турсын хан арасындагы ант (казак жана кыргыз шежирелери негизинде) // Казак тарыхы. – 1999.  – № 1. – 18-25-бб.

20 Халид К. Тауарих хамса. – Алматы: Казакстан, 1992.   304 б.

21 Тоголок Молдо. Тарых, тупку аталар // Кыргыз санжырасы. «Ала-ТОО» журналынын тиркемеси / Башкы ред. К.Жусупаев, К.Кушубаков, М.Апышев. – Бишкек: «Ала-Тоо» журналынын редакциясы, 1994. – 287 б.

22 Манас: Эпос. Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча.  2-китеп.  – Фрунзе, 1958. – 229 б.

23 Галиев В. З. Хан Джангир и Орбулакская битва. – Алматы: Илим, 1998. – 128 с.

Link to post
Share on other sites
  • Модераторы
  • Модераторы

Create an account or sign in to comment

You need to be a member in order to leave a comment

Create an account

Sign up for a new account in our community. It's easy!

Register a new account

Sign in

Already have an account? Sign in here.

Sign In Now




×
×
  • Create New...